# 188-берене. Куралдуу Күчтөрдүн уюмдарында жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда иштеген адамдардын эмгегин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 188-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-188

---

1. Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде, аскер-окуу жайларында, башка уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда иштөө жөнүндө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдары жайылтылат.

2. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын, мекемелердин жана уюмдардын милдеттерине ылайык кызматкерлер үчүн эмгек акы төлөөнүн өзгөчө шарттары, ошондой эле кошумча жеңилдиктер менен артыкчылыктар белгиленет.

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-189)
