# 186-берене. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 186-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-186

---

1. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерге ушул Кодексте белгиленген жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын узактыгынын ченемдери жайылтылат.

2. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин жумуш убактысын жана эс алуу убактысын эсепке алуу тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аныкталат.

3. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерге ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү жана өргүүлөрдүн башка түрлөрүн берүүнүн тартиби ушул Кодекске жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек келишими менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-185)  
Кийинки берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-187)
