# 184-берене. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 184-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-184

---

1. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерге ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жайылтылат.

2. Иш берүүчү менен аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин ортосундагы иштөө шарттары эмгек келишиминде аныкталат.

3. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин түзүүгө кызматкердин өзүнүн жеке катышуусунда, ошондой эле эмгек келишимин электрондук түрдө тариздөө менен жол берилет.

4. Эмгек келишими түзүлгөн жер болуп иш берүүчүнүн жайгашкан жери саналат. Эмгек келишиминде иштин аралыктан аткарылуучу мүнөзү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

5. Эмгек келишиминде тараптардын макулдашуусу боюнча аралыктан иштөө же айкалыштырып аралыктан иштөө белгилениши мүмкүн.

6. Эмгек келишиминде аралыктан иштөөнү аткарып жаткан кызматкердин милдеттери жөнүндө кошумча шарттар, эмгек милдеттерин аткарууда иш берүүчү тарабынан берилген же сунушталган жабдууларды, маалыматташтыруу объекттерин пайдалануу каралышы мүмкүн.

7. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерди алар эмгек милдеттенмелерин аткаруусу үчүн зарыл болгон жабдуулар, маалыматташтыруу объекттери жана башка каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү, аткарылган иш жөнүндө алар тарабынан отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү, ошол кызматкерлердин өзүнүн жабдууларын, маалыматташтыруу объекттерин пайдалангандыгы үчүн компенсацияларды, ошондой эле аралыктан иштөөнү аткаруу менен байланышкан башка чыгымдарды төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишиминде аныкталат.

8. Аралыктан иштөөнү аткарган кызматкердин иш берүүчү менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыкмалары жана мезгилдүүлүгү эмгек келишиминде аныкталат.

---

Мурунку берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-183)  
Кийинки берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-185)
