# 182-берене. Үйдө иштегендер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 182-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-182

---

1. Иш берүүчү тарабынан бөлүнгөн же үйдө иштеген адамдын өз эсебинен сатылып алынган материалдарды жана аспаптарды жана механизмдерди пайдалануу менен үйдө иш аткаруу жөнүндө эмгек келишимин түзгөн адамдар үйдө иштегендер болуп эсептелет.

2. Үйдө иштеген адам өзүнүн аспаптарын жана механизмдерин пайдаланган учурда ага алардын эскириши (амортизация) үчүн компенсация төлөнөт. Мындай компенсацияны төлөө, ошондой эле үйдө иш аткаруу менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруу эмгек келишиминде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Үйдө иштегендерди чийки зат, материалдар жана жарым фабрикаттар менен камсыз кылуунун, даярдалган продукция үчүн эсептешүүнүн, үйдө иштегендерге таандык материалдардын наркынын ордун толтуруунун тартиби жана мөөнөттөрү даяр продукцияны ташып кетүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишиминде аныкталат.

4. Ишти үйдө аткаруу жөнүндө эмгек келишимин түзгөн адамдарга карата ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдарынын колдонулушу жайылтылат.

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-183)
