# 176-берене. Кызматкердин иш берүүчү - жеке жак менен түзгөн эмгек келишиминин өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 176-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-176

---

1. Кызматкер иш берүүчү - жеке жак менен эмгек келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, ушул келишимде аныкталган кандай болбосун ишти, анын ичинде үй чарбачылыгын жүргүзүү, бала багуу, оорулуу адамды багуу, күзөтчү ж.б. боюнча ишти аткарууга милдеттенет.

2. Жазуу жүзүндөгү эмгек келишимине милдеттүү түрдө кызматкер үчүн жана иш берүүчү үчүн маанилүү болгон шарттар киргизилет.

3. Иш берүүчү - жеке жак төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кызматкер менен эмгек келишимин жазуу жүзүндө тариздөөгө;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө.

4. Жеке ишкер катары катталган, мөөрү бар иш берүүчү - жеке жак кызматкерлердин эмгек китепчесине жазуу жүргүзүүгө, ошондой эле биринчи жолу ишке кабыл алынган кызматкерлерге эмгек китепчесин тариздөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-177)
