# 175-берене. Вахталык метод менен иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 175-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-175

---

1. Вахталык метод менен иштерди аткарган кызматкерлерге вахта мезгилинде өндүрүштүк иш орундарында болгон ар бир календардык күн үчүн, ошондой эле иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жерине жетүүдө жана кайра кайтууда жолдо болгон иш жүзүндөгү күндөр үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте белгиленген өлчөмдөгү иштин вахталык методу үчүн суткалык чыгымдардын ордуна үстөк төлөнөт.

2. Бийик тоолуу райондорго жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарга вахталык метод менен ишти аткаруу үчүн республиканын башка райондорунан барган кызматкерлерге иш берүүчүнүн жеке каражаттарынын эсебинен төмөнкүдөй кепилдиктер жана компенсациялар берилет:

1) бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу иштеген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдө бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген стажы үчүн айлык акысына райондук коэффициент белгиленет жана кызматтык маянасына пайыздык үстөктөр төлөнөт;

2) ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү:

а) деңиз деңгээлинен 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн, 3001 метрден 4000 метрге чейин - 24 календардык күн, 4001 метр жана андан жогору - 36 календардык күн;

б) алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштегенде - 12 календардык күн.

3. Жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга укук берүүчү иш стажына бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналардагы календардык иш күндөрү жана кезметтин графигинде каралган жол жүрүүгө кеткен иш жүзүндөгү күндөр кошулат.

4. Аймагында эмгек акысына райондук коэффициенттер колдонулган райондордо вахталык метод менен иштерди аткаруу үчүн келген кызматкерлерге мындай коэффициенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кошуп эсептелет жана менчиктин бардык түрүндөгү иш берүүчүлөрдүн жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

5. Вахтадагы иш графигинде каралган, иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жеринен ишти аткаруу жерине келүүгө жана кайра кайтууга кеткен күндөр үчүн, ошондой эле метеорологиялык шарттар жана транспорттук уюмдардын күнөөсү боюнча кызматкерлердин жолдо кармалган күндөрү үчүн кызматкерге күндүк тарифтик ставка (эмгек маяна) төлөнөт.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-176)
