# 174-берене. Вахталык метод менен иштөөдө эмгек жана эс алуу режимдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 174-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-174

---

1. Эсепке алуу мезгилинин чегиндеги жумуш убактысы жана эс алуу убактысы иш берүүчү тарабынан уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча бекитилүүчү вахтадагы иш графиги менен регламенттелет жана ал колдонууга киргизилгенге чейин 2 айдан кечиктирбестен кызматкерлерге билдирилет.

2. Графикте кызматкерлерди вахтага алып келүү жана кайра жеткирүү үчүн зарыл болгон убакыт каралат. Иш ордуна баруу жана кайра келүү күндөрү жумуш убактысына киргизилбейт жана ал күндөр вахта аралык эс алуу күндөрүнө туура келиши мүмкүн.

3. Вахтадагы иш графигинин чегинде жумуш убактысынан ашык иштелген сааттар календардык жыл ичинде топтолушу жана кийин кошумча эс алуу күндөрүн берүү менен бүтүндөй бир күнгө чейин суммаланышы мүмкүн.

4. Эгерде эмгек келишиминде же жамааттык келишимде башкача белгиленбесе, эсепке алуу мезгилинин чегинде (вахтада иштөө графигинде) жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынан ашкан ишке байланыштуу эс алуу күндөрү тарифтик ставканын (эмгек маянасынын) өлчөмүндө төлөнөт.

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-175)
