# 173-берене. Вахталык метод менен иштөөдө иш убактысын эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 173-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-173

---

1. Вахталык метод менен иштөөдө бир ай, квартал же башка кыйла узак мезгилге, бирок 1 жылдан ашпаган жумуш убактысынын суммаланган эсеби белгиленет.

2. Эсепке алуу мезгили бүткүл жумуш убактысын, уюм жайгашкан жерден жолдогу же чогултуу пунктунан иштеген жерине чейинки жана кайра кайтып келүүдөгү жолдогу убакыт, ошондой эле убакыттын ошол календардык бөлүгү үчүн туура келген эс алуу мезгилин камтыйт. Мында эсепке алуу мезгилиндеги жумуш убактысынын жалпы узактыгы ушул Кодексте белгиленген жумуш саатынын нормалдуу санынан ашпоого тийиш.

3. Иш берүүчү ар бир кызматкер үчүн жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын эсебин ай боюнча жана бардык эсепке алуу мезгили үчүн жүргүзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-174)
