# 172-берене. Вахтанын узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 172-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-172

---

1. Вахта деп объектте иштин аткарылышынын убактысын жана вахталык поселокто кезмет аралык эс алуу убактысын камтыган жалпы мезгил эсептелет. Вахтанын узактыгы 1 айдан ашпоого тийиш.

2. Өзгөчө учурларда айрым объекттерде иш берүүчү тарабынан уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча вахтанын узактыгы үч айга чейин узартылышы мүмкүн, ал эми деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан объекттерде аткарылуучу иштерде саламаттык сактоо, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу кошумча талап кылынат.

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-171)  
Кийинки берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-173)
