# 171-берене. Вахталык метод менен иштөө жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 171-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-171

---

1. Вахталык метод иштеген жери иш берүүчүнүн жайгашкан жеринен кыйла алыс болгондо, ишти кадимки метод менен аткарууга мүмкүн болбогондо, ошондой эле ээн жерде, алыскы райондордо же өзгөчө жаратылыш шарттары бар райондордогу өндүрүштүк, социалдык жана башка багыттагы объекттерди куруунун, оңдоп-түзөөнүн, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун мөөнөттөрүн кыскартуу максатында колдонулат.

2. Вахталык метод менен иштерге тартылган кызматкерлер ишти аткаруу объектинде болгон мезгилде алардын иштерди аткарган жана кезмет аралык эс алуу мезгилинде аталган кызматкерлердин жашоосун камсыз кылуу үчүн арналган имараттардын жана курулмалардын комплексин камтыган иш берүүчү түзгөн атайын вахталык поселоктордо жашайт.

3. Вахталык метод менен эмгекти уюштуруу шарттары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Вахталык метод менен аткарылуучу иштерге 18 жашка чейинки кызматкерлер, кош бойлуу аялдар, ошондой эле вахталык метод менен иштерди аткарууга медициналык корутундулар боюнча каршы көрсөтмөлөрү бар адамдар тартылууга мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-172)
