# 170-берене. Сезондук жумуштарда иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 170-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-170

---

1. Климаттык жана башка жаратылыш шарттарынан улам алты айдан ашпаган белгилүү бир мезгилдин (сезондун) ичинде аткарылуучу жумуштар сезондук деп таанылат.

2. Сезондук жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Жумуштун сезондук мүнөзү жөнүндө шарт эмгек келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Сезондук жумуштарга кызматкерлерди кабыл алууда сыноо 2 жумадан ашпоого тийиш.

5. Сезондук жумушта иштеген кызматкерлерге иштеген ар бир айы үчүн 2 календардык күн эсебинде акы төлөнүүчү өргүү берилет.

6. Сезондук жумуштарда иштеген кызматкер эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө иш берүүчүгө 3 календардык күн мурда жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү.

7. Иш берүүчү уюмдун жоюлушуна, санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу алдыда боло турган иштен бошотуу жөнүндө сезондук жумуштарда иштеген кызматкерге кеминде 7 календардык күн мурун жазуу жүзүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү.

8. Уюмдун жоюлушуна, санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу сезондук жумуштарда иштеген кызматкер менен эмгек келишимин токтотууда эки жумалык орточо эмгек акы өлчөмүндө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.

---

Мурунку берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-169)  
Кийинки берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-171)
