# 169-берене. Эки айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 169-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-169

---

1. 2 айга чейинки мөөнөткө ишке кабыл алууда кызматкерлерге сыноо белгиленбейт.

2. 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлер ошол мөөнөттүн чегинде алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү ишке тартылышы мүмкүн.

3. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндөгү иш акчалай түрдө, бирок эки эселенген өлчөмдөн кем эмес компенсацияланат.

4. 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлерге иштеген айы үчүн 2 жумуш күн эсебинде акы төлөнүүчү өргүү берилет.

5. 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкер эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө иш берүүчүгө 3 календардык күн мурда жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү.

6. Иш берүүчү 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерге уюмдун жоюлушуна, кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу алдыда боло турган иштен бошотуу жөнүндө кеминде 3 календардык күн мурун жазуу жүзүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү.

7. Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда, жамааттык келишимде же эмгек келишиминде башкача белгиленбесе, 2 айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн кызматкерге, иштен бошонгондо иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнбөйт.

---

Мурунку берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-168)  
Кийинки берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-170)
