# 167-берене. Айкалыштырып иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 167-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-167

---

1. Ишти окуу менен айкалыштырып иштеген адамдар үчүн, ошондой эле бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн каралган кепилдиктер жана компенсациялар, бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген стажы үчүн эмгек акысына райондук коэффициенттерди жана кызматтык маянасына үстөктөрдү кошпогондо, кызматкерге негизги иштеген жери боюнча гана берилет.

2. Ушул Кодексте, мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда, уюмдардын ченемдик актыларында каралган башка кепилдиктер жана компенсациялар айкалыштырып иштеген адамдарга толук өлчөмдө берилет.

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-168)
