# 166-берене. Айкалыштырып иштөөдөгү өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 166-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-166

---

1. Айкалыштырып иштеген адамдарга ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү негизги иштеген иши боюнча өргүү менен бир мезгилде берилет.

2. Эгерде айкалыштырган ишинде кызматкер 11 ай иштей элек болсо, анда өргүү аванс катары берилет.

3. Эгерде айкалыштырылган ишинде кызматкердин ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүсүнүн узактыгы негизги иштеген жери боюнча өргүүнүн узактыгынан аз болсо, иш берүүчү кызматкердин өтүнүчү боюнча ага эмгек акысы сакталбаган тиешелүү узактыктагы өргүү берет.

---

Мурунку берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-165)  
Кийинки берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-167)
