# 162-берене. Айкалыштырып иштөө жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 162-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-162

---

1. Айкалыштырып иштөө жөнүндө эмгек келишимдерин, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, чектелбеген сандагы иш берүүчүлөр менен түзүүгө жол берилет.

2. Айкалыштырып иштөө кызматкер тарабынан анын негизги иштеген жери боюнча да, башка уюмдарда да аткарылышы мүмкүн.

3. Эмгек келишиминде иштин айкалыштырылгандыгы тууралуу милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Эгерде негизги иши ушундай эле шарттарга байланыштуу болсо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген башка учурларда, 18 жашка чейинки адамдарга оор жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары жумуштарда айкалыштырып иштөөгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-161)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-163)
