# 160-берене. Ушул уюмда майыптыкты алган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча иш берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 160-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-160

---

1. Иш берүүчү бул уюмда эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болгон кызматкерлерди ишке орноштуруу үчүн жаңы иш орундарын бөлүүгө же түзүүгө милдеттүү.

2. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган талаптар аткарылбаган учурда иш берүүчү бул кызматкерлер менен эмгек келишимин токтоткондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Пенсияга чыкканга чейин иш берүүчүдө иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар медициналык тейлөө, турак жай менен камсыз кылуу, ден соолукту чыңдоочу жана профилактикалык мекемелерге жолдомолор, ошондой эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган башка социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдиктер боюнча анын кызматкерлери менен бирдей болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу укуктарын сактап калат.

4. Иш берүүчү өз каражаттарынын эсебинен башкалардын жардамына жана багуусуна муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана жалгыз бой кызматкерлердин эмгек акысына үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү белгилөөгө, ошондой эле жамааттык келишимде же макулдашууларда каралган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-161)
