# 159-берене. Башка ишке которууда жана эмгек келишимин бузууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кошумча кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 159-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-159

---

1. МСЭКтин корутундусу боюнча анын ден соолугунун абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же болбосо ден соолугуна жана эмгек коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, майыптыгынын себеби боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды анын макулдугусуз башка ишке которууга жол берилбейт.

2. Кызматкерлердин санын же штатты кыскартууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга эмгек өндүрүмдүүлүгү жана квалификациялары бирдей болгон учурда иште калтырууга артыкчылык берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин пайдаланууга арналган адистештирилген уюмдарда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана квалификациясына карабастан иште калтырууга артыкчылыктуу укукка ээ.

3. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен эмгек келишимин бузууга жол берилбейт (ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту, 3-пунктунун "а" пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча уюмдун жоюлгандыгына байланыштуу иштен бошотулган учурларды кошпогондо).

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-160)
