# 158-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинин жана эс алуусунун кепилдиктери, шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 158-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-158

---

1. Иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга иш берүүчү МСЭК тарабынан берилген реабилитациялоонун жекече программасына ылайык, анын ичинде өндүрүштө аларды кесиптик окутууну жана үйдө эмгектенүүнү уюштуруу жолу менен эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү.

2. Макулдашууларда, жамааттык келишимде жана эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими, ар жылдык өргүүнүн узактыгы башка кызматкерлерге салыштырмалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлата албайт же укуктарын чектей албайт.

3. I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумасына 36 сааттан ашпаган жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет. Мында I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын күнүмдүк ишинин узактыгы 7 сааттан ашпоого тийиш. Жумуш убактысын суммалык эсепке алууну колдонууга жол берилбейт.

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ченемден ашык иштөөгө, дем алыш күндөрү жана түнкү убакытта иштөөгө тартууга алардын макулдугу менен гана жана эгерде мындай ишке медициналык корутунду боюнча тыюу салынбаган шартта жол берилет.

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды иш сапарына жиберүүгө алардын макулдугу менен гана жол берилет.

6. Иш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга алардын ден соолугунун абалына жараша аткарылуучу иштин ченемдерин азайтууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-159)
