# 157-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке кабыл алууда кошумча кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 157-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-157

---

1. Ишке орноштуруу мамлекеттик кызматы тарабынан жиберилген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды белгиленген квотанын эсебинен иш берүүчү жумуш орундарына ишке орноштуруу тартибинде кабыл алууга милдеттүү.

2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке алууда сыноо белгиленбейт.

3. Иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын толук эмес жумуш убактысынын режими, эмгек жүктөмүн азайтуу жана башка эмгек шарттары жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттык сактоо органдарынын же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) корутундусу иш берүүчү тарабынан аткарылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-156)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-158)
