# 156-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 156-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-156

---

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууну калкты ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органдары камсыз кылат. Атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды ишке кабыл алуу жөнүндө алардын жолдомосу иш берүүчүнүн аткаруусу үчүн милдеттүү.

2. Ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органынын жолдомосу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды ишке кабыл алуудан негизсиз баш тарткан учурда иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-157)
