# 150-берене. Баланы эмизүү үчүн тыныгуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 150-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-150

---

1. Бир жарым жашка чейинки балдары бар иштеген аялдарга эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуудан тышкары баланы (балдарды) эмизүү үчүн кеминде ар бир 3 саат иштегенден кийин узактыгы 30 мүнөттөн кем эмес кошумча тыныгуулар берилет.

2. Иштеген аялдын бир жарым жашка чейинки эки же андан көп балдары бар болсо тыныгуунун узактыгы 1 сааттан кем эмес белгиленет.

3. Аялдын арызы боюнча баланы (балдарды) эмизүү үчүн тыныгуулар эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгууга кошулушу же болбосо суммаланган түрдө аны тиешелүү түрдө кыскартуу менен жумуш күнүнүн (жумуш кезметинин) башталышына да, аякталышына да жылдырылышы мүмкүн.

4. Баланы (балдарды) эмизүү үчүн тыныгуулар жумуш убактысына киргизилет жана орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө төлөнүүгө тийиш.

5. Тыныгууларды берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби эненин каалоолорун эске алуу менен иш берүүчү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-151)
