# 149-берене. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 149-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-149

---

1. 3 айга чейинки баланы асырап алган кызматкерлерге асырап алган күндөн тартып жана асырап алынган баланын туулган күнүнөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге, ал эми бир эле учурда эки же андан көп баланы асырап алууда алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге өргүү берилет.

2. Жубайлардын экөө тең баланы (балдарды) асырап алган учурда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүү алардын каалоосу боюнча жубайлардын бирине берилет.

3. Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган өргүүнүн ордуна бала асырап алган күндөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, ал эми бир эле учурда эки же андан көп баланы асырап алууда алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет. Бала асырап алуунун жашырындуулугун сактоону камсыз кылган көрсөтүлгөн өргүүлөрдү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-150)
