# 148-берене. Кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 148-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-148

---

1. Аялдарга алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 56 календардык күн (төрөт оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө - 70) узактыктагы өргүү ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөп берүү менен берилет.

2. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүүсүнүн узактыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө кош бойлуулугу жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен төмөнкүдөй белгиленет:

1) төрөт кадимкидей болгондо - 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);

2) төрөт оор болгондо - 156 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн);

3) эки же андан көп бала төрөлгөндө төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан - 180 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн).

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-149)
