# 145-берене. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын аяктаган адамдарды иш менен камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 145-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-145

---

1. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын аяктаган адамдар ээ болгон адистигине жана квалификациясына ылайык алардын иш берүүчүлөр менен түзгөн келишимдеринин негизинде же башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн адистерди даярдоо жөнүндө келишимдердин негизинде иш менен камсыз кылынат.

2. Аймагында башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органдары бүтүрүүчүлөрдү кесиптик даярдыгын жана квалификациясын эсепке алуу менен ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.

3. Иш берүүчүнүн ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимдерге ылайык ишке келген башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө ишке алуудан баш тартуусуна алар эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик органга же сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-146)
