# 144-берене. Күнүмдүк ишинин кыскартылган узактыгы менен 18 жашка чейинки кызматкерлердин эмгек акысын төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 144-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-144

---

1. Эмгегине убакыт боюнча акы төлөөдө 18 жашка чейинки кызматкерлердин эмгек акысы иштин кыскартылган узактыгын эске алуу менен төлөнөт. Иш берүүчү өз каражаттарынын эсебинен күнүмдүк ишинин толук узактыгында тиешелүү категориялардагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөө деңгээлине чейин аларга кошумча төлөө жүргүзүшү мүмкүн.

2. Иштегенине жараша акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилген 18 жашка чейинки кызматкерлердин эмгегине жасаган ишине жараша белгиленген баа боюнча акы төлөнөт. Иш берүүчү алардын күнүмдүк ишинин узактыгы кыскартылган убакыт үчүн тарифтик ставкага чейинки кошумча акы төлөөнү аларга өз каражаттарынын эсебинен белгилеши мүмкүн.

3. Жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жана окуудан бош убактысында иштеген 18 жашка чейинки кызматкерлердин эмгегине акы иштеген убактысына пропорциялуу негизде же аткарылган иштин негизинде төлөнөт. Иш берүүчү бул кызматкерлердин эмгек акысына өз каражатынын эсебинен кошумча төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-145)
