# 141-берене. 18 жашка чейинки адамдарды жана аялдарды медициналык кароодон өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 141-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-141

---

1. 18 жашка чейинки адамдар алдын ала милдеттүү медициналык кароодон өткөндөн кийин гана ишке кабыл алынат жана алар 18 жашка толгонго чейин жыл сайын милдеттүү медициналык кароодон өтүп турууга тийиш.

2. Ушул беренеде каралган медициналык кароолор иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Жашы жете элек кызматкерлерди жыл сайын милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү жумуш убактысында эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен жумуш убактысында жүргүзүлөт.

4. Кош бойлуу аялдарга медициналык корутундуларга ылайык жана алардын арызы боюнча аткарылган иштин ченемдери, тейлөө ченеми төмөндөтүлөт, же болбосо алар мурунку иши боюнча кызматтык маянасын (тарифтик ставкасын) сактоо менен жагымсыз өндүрүштүк факторлордун таасири жок башка ишке которулат.

5. Кош бойлуу аялга жагымсыз өндүрүштүк факторлордун таасири жок башка иш берүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин ал мунун натыйжасында үзгүлтүккө учураган бардык жумуш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кызматтык маянасын (тарифтик ставкасын) сактоо менен иштен бошотулууга тийиш.

6. Медициналык мекемелерде милдеттүү диспансердик текшерүүдөн өтүүдө кош бойлуу аялдардын иштеген жери боюнча кызматтык маянасы (тарифтик ставкасы) сакталат.

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-142)
