# 140-берене. 18 жашка чейинки адамдарды жана аялдарды ишке алууда кошумча кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 140-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-140

---

1. Иш берүүчү тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке орноштуруу тартибинде жиберилген, социалдык коргоого өзгөчө муктаж болгон 18 жашка чейинки адамдарды (балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн, жетимдерди жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды жана башкаларды) белгиленген квотанын эсебинен ишке кабыл алууга милдеттүү. Ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органдары балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарына квоталоо боюнча ченемдерди иштегендердин санынын 3 пайызы өлчөмүндө (эгерде иштегендер 35тен кем эмес адам болсо) бекитет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды белгиленген квотанын эсебинен ишке кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат жана алар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органда же сотто даттанылышы мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды ишке кабыл алуудан баш тарткандыгы үчүн иш берүүчү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жоопкерчилик тартат.

4. Аялдарды алардын кош бойлуулугуна же балдарынын бар болгондугуна себептүү ишке кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат.

5. Иш берүүчүнүн аялдардын кош бойлуулугуна же балдарынын бар болгондугуна себептүү ишке кабыл алуудан баш тартуусуна аялдар эмгек мыйзамдарынын сот мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик органга же сотко даттанышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-141)
