# 14-берене. Эмгек мамилелеринин тараптары жана субъекттеринин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-14

---

1. Эмгек мамилелеринин тараптары кызматкер жана иш берүүчү болуп саналат.

2. 16 жашка толгон адам кызматкер болушу мүмкүн. Өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы же болбосо эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 15 жашка толгон адам ишке кабыл алынышы мүмкүн.

3. 14 жашка толгон окуучулар ата-энелеринин биринин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) же камкорчу жана көзөмөлчү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен окуудан бош убактысында ден соолукка зыян келтирбеген жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган жеңил эмгекти аткаруу үчүн эмгек келишимин түзө алышат.

4. Ата-энесинин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) макулдугу жазуу жүзүндө таризделет, мында ата-энеси (камкорчу, көзөмөлчү) жашы жете элек бала менен катар эмгек келишимине кол коёт.

5. Эмгек мамилелеринде иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери: иш берүүчү болуп саналган жеке жак; юридикалык жактын (уюмдун) башкаруу органдары же мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда, юридикалык жактын (уюмдун) уюштуруу документтеринде жана локалдык ченемдик актыларда белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчик ээси (уюштуруучу) тарабынан толук же жарым-жартылай каржыланган мекемелердин эмгек мамилелеринен келип чыгуучу милдеттенмелери боюнча менчик ээси (уюштуруучу) мыйзамда белгиленген тартипте кошумча жоопкерчиликти тартат.

6. Жеке эмгек мамилелеринин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) кызматкер;

2) иш берүүчү.

7. Жамааттык эмгек мамилелеринин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы (кесиптик бирлик, бириккен өкүлчүлүктүү орган, кызматкерлер кеңеши жана башкалар);

2) иш берүүчүлөрдүн бирикмеси:

3) эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка мыйзамдарда каралган учурларда башка субъекттер.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-15)
