# 139-берене. 18 жашка чейинки адамдардын жана аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган иштер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 139-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-139

---

1. 18 жашка чейинки адамдардын эмгегин зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы иштерде, жер астындагы иштерде, ошондой эле аткарылышы алардын ден соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон иштерде (оюн-зоок бизнеси, түнкү кабарелерде жана клубдарда иштөө, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизат жана уулуу препараттарды өндүрүүдө, ташууда жана сатууда) колдонууга тыюу салынат.

2. 18 жашка чейинки кызматкерлерге алар үчүн белгиленген чектүү ченемдерден ашкан оордуктарды ташууга жана жылдырууга тыюу салынат.

3. 18 жашка чейинки кызматкерлердин эмгегин колдонууга тыюу салынуучу иштердин тизмеги, ошондой эле оордуктардын чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

4. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын эмгегин оор иштерде, зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы иштерде, жер астындагы, (кара күч колдонулбаган иштерден же санитариялык жана тиричиликтик тейлөө боюнча иштерден тышкары) иштерде, ошондой эле алар үчүн чектүү жол берилген ченемден ашкан оордуктарды кол менен көтөрүү жана жылдыруу менен байланышкан иштерде колдонууга тыюу салынат.

5. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттары болгон өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги жана оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте бекитилет.

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-140)
