# 135-берене. Иш берүүчүгө келтирилген зыянды өндүрүп алуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 135-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-135

---

1. Келтирилген зыянды күнөөлүү кызматкерден орточо айлык эмгек акысынан ашпаган суммада өндүрүү иш берүүчүнүн буйругу боюнча жүзөгө ашырылат. Иш берүүчүнүн буйругу кызматкер тарабынан келтирилген зыяндын өлчөмү иш берүүчү тарабынан биротоло белгиленген күндөн тартып 1 айдан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн.

2. Эгерде кызматкерден өндүрүлүүгө тийиш болгон келтирилген зыяндын суммасы анын орточо айлык эмгек акысынан ашса же зыян аныкталган күндөн тартып бир айлык мөөнөт өтүп кетсе, өндүрүү сот тартибинде жүргүзүлөт.

3. Кызматкер келтирилген зыяндын өндүрүлгөн суммасы менен макул болбогон учурда сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-136)
