# 134-берене. Кызматкердин зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 134-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-134

---

1. Иш берүүчүгө зыян келтирүүдө күнөөлүү кызматкер анын ордун толук же жарым-жартылай өз ыктыяры менен толтура алат.

2. Зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтуруу ушул Кодексте белгиленген чектерде жүзөгө ашырылат.

3. Кызматкердин жана иш берүүчүнүн макулдашуусу боюнча зыяндын ордун мөөнөтүн узартып төлөө менен толтурууга жол берилет. Мындай учурда кызматкер иш берүүчүгө төлөмдөрдүн конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен зыяндын ордун толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берет.

4. Иш берүүчүнүн макулдугу менен кызматкер келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн ага барабар баадагы мүлк бериши же бузулганды оңдошу мүмкүн.

5. Эгерде зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берген кызматкер эмгектик мамилелерди токтотууга байланыштуу белгиленген мөөнөттөрдө анын ордун толтурбаса, анда төлөнбөгөн карыз сот тартибинде өндүрүп алынат.

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-135)
