# 133-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 133-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-133

---

1. Иш берүүчүгө мүлктү жоготууда же бузулууда келтирилген зыяндын өлчөмү зыян келтирилген күнгө карата ошол жерде колдонулуучу рыноктук баалардын негизинде, бирок ошол мүлктүн эскирүү даражасын эске алуу менен бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча мүлктүн наркынан төмөн эмес эсептелүүчү иш жүзүндөгү жоготуулар боюнча аныкталат.

2. Конкреттүү кызматкерлер тарабынан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө чечим кабыл алууга чейин иш берүүчү келтирилген зыяндын өлчөмүн жана анын келип чыгуу себептерин белгилөө үчүн текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай текшерүү жүргүзүү үчүн иш берүүчү тиешелүү адистердин катышуусу менен комиссия түзүүгө укуктуу.

3. Кызматкерден анын күнөөсүн аныктоо үчүн жазуу жүзүндө түшүнүк талап кылуу милдеттүү болуп саналат.

4. Кызматкер же анын өкүлү текшерүүнүн бардык материалдары менен таанышууга жана ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-134)
