# 131-берене. Толук материалдык жоопкерчилик учурлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 131-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-131

---

1. Келтирилген зыяндын толук өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик кызматкерге төмөнкү учурларда жүктөлөт:

1) толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде ага ишенип берилген баалуулуктар кемигенде;

2) бир жолку документ боюнча алынган баалуулуктар кемигенде;

3) атайылап зыян келтирилгенде;

4) алкоголдук, баңги же уулуу заттар менен мас болуу абалында зыян келтирилгенде;

5) соттун өкүмү менен аныкталган кызматкердин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында зыян келтирилгенде;

6) эгерде кызматкерге ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгектик милдеттерин аткарууда келтирилген зыян үчүн толук материалдык жоопкерчилик жүктөлгөндө;

7) эгерде бул тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан белгиленсе, укук бузуунун натыйжасында зыян келтирилгенде;

8) мыйзамдарда каралган учурларда мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды түзүүчү (кызматтык, коммерциялык же башка) маалыматтарды жайылтканда;

9) кызматкер эмгектик милдеттерин аткарбаганда зыян келтирилгенде.

2. Келтирилген зыян үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары, башкы бухгалтери менен түзүлгөн эмгек келишиминде жазылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-132)
