# 130-берене. Кызматкердин иш берүүчүгө келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилиги. Кызматкердин материалдык жоопкерчилигин жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 130-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-130

---

1. Кызматкер иш берүүчүгө түздөн-түз келтирилген чыныгы чыгашанын ордун ушул Кодексте белгиленген өлчөмдөрдө толтурууга милдеттүү. Алынбай калган кирешелер (алынбай калган пайда) кызматкерден төлөтүп алынууга тийиш эмес.

2. Иш берүүчүнүн мүлкүнүн чыныгы азайышы же абалынын начарлашы (анын ичинде, эгерде иш берүүчү анын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартса, иш берүүчүдө турган үчүнчү жактын мүлкү), ошондой эле иш берүүчү үчүн мүлктү сатып алуу же калыбына келтирүү үчүн сарптоолорду же ашыкча төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгы анык түздөн-түз зыян деп түшүнүлөт.

3. Кызматкер иш берүүчүгө түздөн-түз келтирген анык түздөн-түз зыян үчүн да, башка адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун натыйжасында иш берүүчүдө келип чыккан зыян үчүн да материалдык жоопкерчилик тартат.

4. Кызматкердин материалдык жоопкерчилиги ал жеткис күчтүн, чарбалык тобокелдиктин, өтө зарылдыктын же зарыл болгон коргонуунун, же болбосо иш берүүчү тарабынан кызматкерге ишенип берилген мүлктү сактоо үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоонун кесепетинен келип чыккан учурларда жокко чыгарылат.

5. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, иш берүүчү зыян келтирилген жагдайларды эске алуу менен күнөөлүү кызматкерден аны өндүрүп алуудан толук же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу.

6. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамдарда башкача каралбаса, кызматкер иш берүүчүгө келтирилген зыян үчүн өзүнүн орточо айлык эмгек акысынын чегинде материалдык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-131)
