# 13-берене. Эмгек мамилелеринин келип чыгуу негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-13

---

1. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилелери ушул Кодекске ылайык алар тарабынан түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.

2. Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же уюмдун уставында (жобосунда) белгиленген учурларда жана тартипте эмгек мамилелери келишим түзүлгөнгө чейинки эмгек келишиминин жана төмөнкү башка актылардын негизинде келип чыгат:

1) кызмат ордуна тандоо (шайлоо);

2) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандоо;

3) кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордуна бекитүү;

4) белгиленген квотанын эсебинен ыйгарым укуктуу мыйзам органдары тарабынан ишке жөнөтүү;

5) эмгек келишимин түзүү жөнүндө соттун чечими;

6) тиешелүү түрдө таризделген эмгек келишиминин бар болгондугуна карабастан иш берүүчүнүн же анын өкүлүнүн билими менен же тапшырмасы боюнча иштөөгө иш жүзүндө жол берилген;

7) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык жаш курагы боюнча пенсионерлер менен мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү.

3. Эгерде тандоо (шайлоо) актысынан кызматкердин белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу милдети келип чыкса, эмгек мамилелери кызмат ордуна тандоо (шайлоо) жөнүндө актынын жана эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.

4. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда, уюмдун уставында (жобосунда) же иш берүүчүнүн башка локалдуу ченемдик актысында конкурс боюнча ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги жана бул кызмат орундарына конкурстук шайлоонун тартиби аныкталса, эмгек мамилелери конкурс боюнча тандоо актысынын жана эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.

5. Эмгек мамилелери мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда же уюмдун уставында (жобосунда) каралган учурларда кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордуна бекитүү жөнүндө актынын жана эмгек келишиминин негизинде келип чыгат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-14)
