# 129-берене. Кызматкердин мүлкүнө келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн материалдык жоопкерчилиги. Кызматкерге келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 129-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-129

---

1. Эмгек келишими боюнча өз милдеттерин талаптагыдай аткарбоонун натыйжасында кызматкердин мүлкүнө зыян келтирген иш берүүчү ошол зыяндын ордун толук көлөмдө толтурат. Зыяндын өлчөмү зыяндын ордун толтуруу учуруна карата ошол жерде колдонулган рыноктук баасы боюнча же кызматкердин макулдугу менен бирдей баадагы мүлк менен аныкталат.

2. Иш берүүчүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери же аракетсиздиги менен кызматкерге келтирилген моралдык зыяндын орду кызматкерге акчалай түрдө тараптардын макулдашуусу менен аныкталган өлчөмдө толтурулат.

3. Талаш-тартыш келип чыккан учурда кызматкерге моралдык зыян келтирүү фактысы жана анын ордун толтуруунун шарттары орду толтурулууга тийиш болгон мүлктүк зыянга карабастан сот тарабынан аныкталат.

4. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иш берүүчүгө арыз кызматкердин өзү же болбосо башка кызыкдар адам тарабынан берилет. Иш берүүчү аны келип түшкөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү.

5. Кызматкер иш берүүчүнүн чечимине макул болбогондо же жооп берүү үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндө, кызматкер эмгектик талаш-тартыштарды кароо боюнча органга же сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-130)
