# 128-берене. Иш берүүчүнүн кызматкерди эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнөн мыйзамсыз ажыратуунун натыйжасында ага келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 128-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-128

---

Иш берүүчү кызматкерди эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнөн мыйзамсыз ажыраткан бардык учурларда албай калган эмгек акысынын ордун толтурууга милдеттүү. Мындай милдет эгерде эмгек акы төмөнкүлөрдүн натыйжасында алынбай калса, келип чыгат:

1) кызматкерди иштен мыйзамсыз четтеткенде, башка ишке которгондо же бошоткондо;

2) иш берүүчү кызматкерге эмгек китепчесин берүүнү же кызматкерди иштен бошотуунун себеби жөнүндө эмгек китепчесине туура эмес же мыйзамга ылайык келбеген жазууну киргизүүнү кечиктиргенде;

3) кызматкерди мурунку ишине калыбына келтирүү жөнүндө эмгектик талаш-тартыштарды кароо боюнча органдын же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик инспектордун чечимин аткаруудан баш тартканда же өз убагында аткарбаганда;

4) кызматкердин башка ишке киришине тоскоол болуучу аны жаманатты кылган маалыматтарды ар кандай ыкма менен (анын ичинде объективдүү эмес мүнөздөмө түзүү жолу менен) таратканда;

5) мыйзамдарда жана жамааттык келишимде каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-129)
