# 127-берене. Окуучулардын окутууну аяктагандан кийинки укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 127-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-127

---

1. Келишим боюнча окутууну ийгиликтүү аяктаган адамдарга, өткөн окуусуна ылайык, эмгек келишимин түзүүдө сыноо мөөнөтү белгиленбейт.

2. Эгерде окуучу окутууну аяктагандан кийин келишим боюнча өз милдеттенмелерин жүйөлүү себептерсиз аткарбаса, анын ичинде ишке киришпесе, ал иш берүүчүнүн талабы боюнча ага окутуу убактысында алган стипендияны кайтарып берет, ошондой эле окутуу менен байланыштуу иш берүүчү тарткан башка чыгымдардын ордун толтурат.

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-128)
