# 121-берене. Кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 121-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-121

---

1. Жеке муктаждыктар үчүн кадрларды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо зарылдыгын иш берүүчү аныктайт.

2. Иш берүүчү кызматкерлерди кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, аларды уюмда, ал эми зарыл болгон учурларда башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында жамааттык келишимде, макулдашууларда, эмгек келишиминде аныкталган шарттарда жана тартипте аларды экинчи кесипке үйрөтүүнү жүргүзөт.

3. Кадрларды кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун формаларын, кесиптердин жана адистиктердин тизмегин иш берүүчү аныктайт.

4. Эгерде квалификацияны жогорулатуу иштин белгилүү түрлөрүн аткаруунун шарты болуп саналса, мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда иш берүүчү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

5. Кесиптик даярдыктан өтүп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү ишти окуу менен айкалыштыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө, ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде, макулдашууларда, эмгек келишиминде белгиленген кепилдиктерди берүүгө тийиш.

6. Кызматкерлер кесиптик даярдыктан өтүүгө, анын ичинде жаңы кесиптерге, адистиктерге үйрөнүүгө, ошондой эле квалификациясын жогорулатууга укуктуу.

7. Мындай укук кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишимине толуктоо болуп эсептелген кесиптик даярдоого келишим түзүү жолу менен ишке ашырылат.

8. Эгерде кызматкер кесиптик окууну аяктагандан кийин келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаса, анын ичинде жүйөлүү себептерсиз ишке киришпесе, иш берүүчүнүн талабы боюнча ал окутуу убагында иш берүүчү тарткан чыгымдарды кайтарып берет.

9. Кесиптик даярдык мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлин жогорулатуу менен коштолбойт.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-122)
