# 12-берене. Ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-12

---

1. Эмгек укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгуу же токтотуу мөөнөтү эмгек мамилелердин башталышы же токтотулушу аныкталган календардык датадан башталат.

2. Жылдар, айлар, жумалар менен эсептелүүчү мөөнөттөр мөөнөттүн акыркы жылынын, айынын, жумасынын тиешелүү күнүндө аяктайт. Календардык жумаларда же күндөрдө эсептелүүчү мөөнөткө жумуш эмес күндөр да киргизилет.

3. Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, анда мөөнөттүн аяктаган күнү болуп андан кийинки биринчи жумуш күнү эсептелет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-13)
