# 119-берене. Кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 119-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-119

---

1. Өндүрүштүк иштен бошотулбаган кызматкерлердин өкүлдөрүнө коомдук милдеттерди аткаруу үчүн макулдашууларда, жамааттык келишимдерде каралган шарттарда иштен бош убакыт берилет.

2. Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарына шайлануучу кызмат орундарына шайлоонун натыйжасында өндүрүштүк иштен бошотулган кызматкерлерге алардын шайлоодогу ыйгарым укуктары аяктагандан кийин - мурдагы иши (кызмат орду), ал эми ал жок учурда ошол эле уюмда ошого тете башка иш (кызмат орду) берилет.

3. Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын мүчөлөрүн иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бошотууга, уюмду жоюу учурларынан тышкары (ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту), иштен бошотуунун жалпы тартибин сактоо менен жана кызматкерлердин тиешелүү жогору турган өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен жол берилет.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-120)
