# 118-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыз болгондо, каза болгон учурда кызматкерге кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 118-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-118

---

1. Эмгекке убактылуу жарамсыз болгондо иш берүүчү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кызматкерге эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөп берет.

2. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдардын өлчөмдөрү жана аларды төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кызматкер каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте иш берүүчү каза болгон кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөп берет.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-119)
