# 117-берене. Уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктары үчүн милдеттерди аткарууда кепилдиктер жана кызматкердин жеке мүлкүн пайдалануу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 117-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-117

---

1. Кызматкерди уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктары үчүн милдеттерди аткаруу үчүн иштен бошотуунун шарттары, ошондой эле ошол убакыт үчүн кепилдик төлөмдөрдүн өлчөмү ушул Кодексте, жамааттык келишимде же иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу боюнча аныкталат.

2. Кызматкер өзүнүн жеке мүлкүн иш берүүчүнүн макулдугу (билүүсү) менен жана анын кызыкчылыгында пайдаланган учурда кызматкерге анын инструментин, жеке транспортун, жабдууларын жана башка техникалык каражаттарды жана материалдарды пайдалангандыгы, эскиргендиги (амортизация) үчүн компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле аларды пайдалануу менен байланышкан чыгымдардын орду толтурулат (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан тышкары).

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-118)
