# 116-берене. Башка жерге ишке которулууда чыгымдарды төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 116-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-116

---

1. Кызматкер иш берүүчү менен алдын ала макулдашуу боюнча башка жерге ишке которулганда иш берүүчү кызматкерге кызматкердин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүү жана мүлкүн ташуу боюнча чыгымдарын (иш берүүчү кызматкерге тиешелүү жүрүү каражаттарын берген учурларды кошпогондо) төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Чыгымдардын ордун толтуруунун конкреттүү өлчөмдөрү эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат, бирок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн белгиленген өлчөмдөрдөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-117)
