# 115-берене. Кызматкерлерди иш сапарларына жиберүүдөгү кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 115-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-115

---

1. Кызматкерди иш сапарына жиберүүдө анын жумуш ордун (кызмат ордун) жана эмгек акысын сактоо, ошондой эле иш сапарына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу кепилденет.

2. Иш берүүчү иш сапарына жиберген учурда кызматкерге төмөнкүлөрдүн ордун толтурууга милдеттүү:

1) жол жүрүү боюнча чыгымдарды;

2) турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды;

3) туруктуу жашаган жеринен сырткары жашагандыгына байланышкан кошумча (суткалык) чыгымдарды.

3. Кызматтык иш сапарына байланышкан чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана өлчөмдөрү жамааттык келишим же уюмдун ченемдик актысы менен аныкталат. Мында ордун толтуруунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн белгиленген өлчөмдөрдөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

4. Туруктуу иши жолдо аткарылуучу же кыдырып жүрүү мүнөзүнө ээ кызматкерлердин кызматтык баруулары иш сапары деп эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-116)
