# 114-берене. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 114-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-114

---

1. Иш берүүчү иштен ажыратуу менен кызматкерди квалификациясын жогорулатууга жибергенде, анын негизги жумуш орду (кызмат орду) жана негизги жумуш орду боюнча орточо эмгек акысы сакталат.

2. Квалификациясын жогорулатуу үчүн иштен ажыратуу менен башка жерге жиберилген кызматкерлерге иш сапарына жиберилген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдөрдө иш сапарынын чыгымдары төлөнөт.

3. Уюмдун менчик ээси алмашканына байланыштуу уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери менен эмгек келишим бузулганда, жаңы менчик ээси аталган кызматкерлерге эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча белгиленген өлчөмдө, бирок кызматкердин орточо эки айлык эмгек акысынан кем эмес компенсация төлөөгө милдеттүү.

4. Мөөнөттүү аскердик кызматка же альтернативдик кызматка чакырууга байланыштуу бошотулган кызматкер кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин өзү чакырылган уюмга ишке кабыл алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-115)
