# 113-берене. Кызматкерлер кан же анын компоненттерин тапшырган учурда аларга кепилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 113-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-113

---

1. Кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган күнү, ошондой эле ушуга байланыштуу медициналык текшерүү менен байланыштуу жүргөн күнү иштен бошотулат.

2. Эгерде иш берүүчү менен макулдашуу боюнча кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган күнү ишке чыкса (ошол күнү кызматкердин ишке чыгуусу мүмкүн болбогон оор кара жумушту жана зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумушту кошпогондо), ага өзүнүн каалоосу боюнча башка дем алыш күн берилет.

3. Ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү мезгилинде, дем алышта же жумуш эмес майрам күнү кан же анын компоненттерин тапшырган учурда кызматкерге өзүнүн каалоосу боюнча башка дем алыш күн берилет.

4. Кызматкерге кан жана анын компоненттерин тапшырган ар бир күндөн кийин кошумча дем алыш күн берилет. Көрсөтүлгөн дем алыш күнү кызматкердин каалоосу боюнча ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү күндөрүнө кошулушу же канды жана анын компоненттерин тапшырган күндөн кийин календардык жылдын ичинде башка убакта пайдаланылышы мүмкүн.

5. Кан жана анын компоненттерин тапшырган учурда иш берүүчү кызматкердин тапшырган күндөгү орточо эмгек акысын жана ушуга байланыштуу берилген дем алыш күндөрүн сактайт.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-114)
