# 112-берене. Мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга тартылган, иш берүүчү тарабынан медициналык текшерүүгө жиберилген кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 112-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-112

---

1. Иш берүүчү кызматкер мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарган убакта, эгерде мыйзамга ылайык бул милдеттер жумуш убагында аткарылууга тийиш болсо, жумуш ордун (кызмат ордун) сактоо менен аны иштен бошотууга милдеттүү.

2. Кызматкерди мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга тарткан мамлекеттик орган же уюм ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган учурларда бул милдеттерди аткарган убакыт үчүн кызматкерге мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, же болбосо тиешелүү коомдук бирикменин чечиминде аныкталган өлчөмдө компенсация төлөп берет.

3. Кызматкер коомдун кызыкчылыгы үчүн иш-аракеттерди жасап жатканда (авариялардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, адамдын өмүрүн сактоо жана башкалар) анын ошол мезгилдеги жумуш орду (кызмат орду) жана орточо эмгек акысы сакталат.

4. Ушул Кодекске ылайык медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү кызматкерлер мындай текшерүүдө жүргөн убакта алардын жумуш орду (кызмат орду) жана орточо айлык эмгек акысы сакталат.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-113)
