# 111-берене. Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү. Эмгек ченемдерин киргизүү, алмаштыруу, кайра кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 111-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-111

---

1. Бир өңчөй иштер үчүн эмгектин типтүү (тармактар аралык, кесиптик жана башкалар) ченемдери иштелип чыгышы жана белгилениши мүмкүн.

2. Эмгектин типтүү ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Эмгек ченемдерин киргизүүнү, алмаштырууну жана кайра кароону караган ченемдик актылар кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен кеңешкенден иш берүүчү тарабынан кийин кабыл алынат.

4. Эмгектин жаңы ченемдери киргизилгендиги жөнүндө кызматкерлер 1 айдан кечиктирбестен кабардар кылынууга тийиш.

5. Иш берүүчү кызматкерлердин аткарылган иштин ченемдерин аткарышы үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Мындай шарттарга төмөнкүлөр кирет:

1) имараттын, курулмалардын, машиналардын, технологиялык жабдыктардын жана башка жабдуулардын оң абалда болушу;

2) иштөө үчүн техникалык жана башка зарыл болгон документтер менен өз убагында камсыз кылуу;

3) ишти аткаруу үчүн зарыл болгон материалдардын, инструменттердин, башка каражаттардын жана предметтердин талаптагыдай сапаты, аларды кызматкерге өз убагында берүү;

4) эмгекти коргоонун жана өндүрүштүк коопсуздуктун талаптарына ылайык келген эмгек шарттары.

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-112)
