# 110-берене. Эмгекти ченемдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 110-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-110

---

1. Кызматкерлерге төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

1) эмгекти ченемдөөнү тутумдуу уюштурууга мамлекеттик көмөк көрсөтүүгө;

2) иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын катышуусу менен аныкталуучу же жамааттык келишим менен белгиленүүчү эмгекти ченемдөө тутумдарын колдонууга.

2. Эмгек ченемдери - аткарылган иштин. убакыттын, тейлөөнүн ченемдери техниканын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун жетишилген деңгээлине ылайык кызматкерлер үчүн белгиленет.

3. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуучу жаңы техниканын, технологиянын, уюштуруучулук, же болбосо башка иш-чаралардын өркүндөтүлүшүнө же киргизилишине жараша, ошондой эле заманбап талаптарга ылайык келбеген жабдуулар пайдаланылган учурда эмгек ченемдери кайра каралышы мүмкүн.

4. Айрым кызматкерлердин алардын демилгеси боюнча эмгектин жаңы ыкмаларын колдонуунун жана жумуш орундарын өркүндөтүүнүн эсебинен продукция иштеп чыгуунун (кызмат көрсөтүүнүн) жогорку деңгээлине жетишүүсү мурда белгиленген эмгектин ченемдерин кайра кароого негиз боло албайт.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-111)
